• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казарман ГЭСтеринин каскадын куруу жана пайдалануу жаатындагы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду

Экономика 0

Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев менен KUANTUM компаниясынын башкы директору Абдулла Баш меморандумга кол койду.

Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул меморандум Нарын дарыясындагы Казарман ГЭСтеринин каскадын куруу жана пайдалануу жаатында кызматташууга багытталган.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев кол коюлган меморандум Кыргызстандын гидроэнергетикалык объекттерин курууда жана эксплуатациялоодо гидроэнергетиканы пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү алдыңкы тажрыйбаны киргизүү жаатында тыгыз кызматташууга негиз болоруна ишенимин билдирди.

Бул меморандумдун алкагында тараптар Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын алкагында гидроэнергетиканы өнүктүрүү долбоорлорунун тизмесине кирген Нарын дарыясындагы төрт гидроэлектр станциясынан турган (Алабугу ГЭСи, Карабулуң ГЭСи-1, Карабулуң ГЭСи-2 жана Тогузторо ГЭСи) 1.160 МВт эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча долбоорду ишке ашырууда кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн иликтөөгө ниеттенүүдө.

Кол коюу аземинин жүрүшүндө тараптар меморандумдун алкагында алдыдагы кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашышты жана Нарын дарыясындагы Казарман ГЭС каскадын курууда жана эксплуатациялоодо өз ара пайдалуу кызматташтыкты орнотуунун деталдарын талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий