• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте IFC Эл аралык финансы корпорациясы менен кызматташуунун келечеги талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Күн мурун экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов IFC Эл аралык финансы корпорациясынын өкүлдөрү менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, анда инфраструктура тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча биргелешкен кызматташуунун келечеги жана жеке секторду каржылоо маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары ЭФКгы экономиканын артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берди. Тактап айтканда, каржы секторун, энергиянын кайра жаралуучу булактарын, гидроэнергетиканы, транспорт-логистикалык секторду, айыл чарбаны, тоо-кен тармагын жана туризмди өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүндүгүн өзгөчө белгиледи.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бизнес-процесстерди автоматташтыруу үчүн санариптик технологияларды колдонуу менен долбоорлорду ишке ашыруунун келечектүү багыттарынын маанилүүлүгүн жана Кыргызстанда дата-борборлорду куруу боюнча мүмкүн болуучу пландарды белгилешти.

Мындан тышкары, министрдин орун басары энергетика тармагындагы долбоорлорго, өзгөчө "Камбар-Ата-2" ГЭСинин курулушу жана "Күн электр станцияларын куруу" долбоорлоруна токтолду.

Ошол эле учурда IFC да ушул жылдын июнь айына Вена шаарында (Австрия) пландаштырылган Энергетикалык форумга активдүү катышууга чакырды.

ЭФКнын инвестициялык долбоорлорду колдоо, жеке секторду жана каржы рыногун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча чоң тажрыйбасын эске алуу менен министрдин орун басары кызматташууну тереңдетүүгө жогорку кызыкчылыкты билдирип, артыкчылыктуу долбоорлорду колдоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

IFC миссиясынын өкүлдөрү биргелешип иштөөгө даяр экендиктерин айтышып, артыкчылыктуу келечектүү долбоорлорду ишке ашырууда кыргыз тараптын аракеттерин колдоорун билдиришти.

Мындан тышкары, тараптар IFC Эл аралык финансы корпорациясынын вице-президентинин Кыргызстанга пландаштырылган иш сапарын талкуулашты.

Санжар Болотов социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу максаттарын ишке ашырууда өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү колдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, артыкчылыктуу жана келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы жемиштүү өз ара аракеттенүүгө үмүттөнөөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий