• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэриясында кирешелер боюнча штабдын отуруму өттү

Коом 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Шаардык муниципалитетте 2024-жылдын I кварталында Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча штабдын отуруму өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, отурумга мэр Айбек Жунушалиев, Бишкек шаары боюнча салык кызматынын башкармалыктарынын жетекчилери, райондук администрациялардын башчылары, муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин жана жана тиешелүү кызматтардын жетекчилери катышты.

Жалпысынан Бишкек шаары боюнча 2024-жылдын I кварталында кирешелердин иш жүзүндөгү түшүүсү 4 млрд 331,5 млн.сомду түздү. План боюнча 4 млрд 392,9 млн сом коюлган, башкача айтканда план 98,6%га аткарылды.

2023-жылга салыштырмалуу иш жүзүндө түшүүлөр 131,2%га жогорулады, башкача айтканда, 1 млрд 031,2 млн сомго көбүрөөк түштү.

Жергиликтүү кирешелер боюнча негизги орунду салыктык кирешелер ээлейт, алардын иш жүзүндө түшүүсү 3 млрд 501,3 млн сомду түздү. План боюнча 3 млрд 525,9 млн сом коюлган, план 99,3%га аткарылды.

2023-жылга салыштырмалуу иш жүзүндө түшүүлөр 118,7%га жогорулады, башкача айтканда, 552,8 млн сомго көбүрөөк түштү.

Салыктык эмес төлөмдөр боюнча кирешелер 824,7 млн сомду түздү, планда 867,0 млн сом белгиленген, башкача айтканда, план 95,1%га аткарылды.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча мэр Айбек Жунушалиев бир катар тапшырмаларды берди.

Тиешелүү кызматтардын алдына салык калдыктарын азайтуу, киреше бөлүгүн көбөйтүү, административдик-аймактык реформанын алкагында кошулган аймактардын субъекттерин кайра каттоо боюнча ишти активдештирүү, 2024-жылдын 2-кварталында Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин толук аткарылышын камсыздоо боюнча милдеттер коюлган.

Пикир

Оставить комментарий