• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров: Тоголок жетим балдарга 500 миң сомдон берилет

Өкмөт 0


Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Тоголок жетим балдарга 500 миң сомдон берилет. Алар үчүн 270 миллион сом банктарга депозитке жөнөтүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы мамлекет аз камсыз жакыр үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон берип баштагандыгын айтты.

"Өткөн эки жылда 12 миң 800 үй-бүлө алса, быйыл 20 миң үй -бүлөгө каражат бөлүндү. Мамлекеттин колдоосун алгандардын 99%ы жакырчылыктан арылып, өз алдынча бизнес долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырып жатат.

Эми тоголок жетим балдарга дагы 500 миң сомдон банк эсебине салынып, бала 18ге чыкканда колуна берилет", - деди Акылбек Жапаров.

Азыркы күндө өлкөдө 1 миң 868 тоголок жетим бала бар, алар үчүн бул жылдан тарта 270 миллион сом банктарга депозитке жөнөтүлөт.

"Балдар үйүндө тарбияланган балдар, 18ге чыккандан кийин кам көрүлбөй, уурулук, кылмыш же сойкулук менен алектенип кеткен фактылар көп катталган. Мамлекет аларга көңүл бурчу эмес. Экономикабыз оңолуп, мамлекетибиз кубаттуу болуп калды, мынтип колдоого муктаж коомдун катмарына көңүл бурулуп жатат", - деп кошумчалады Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий