• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коронавирус: Ички аскерлер коопсуздук кызматынын кызматкерлери эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер коопсуздук кызматынын аскер кызматкерлери коронавирус илдетинин жайылуу коркунучун алдын алуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлер коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын айрым аймактарына жана Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал режими киргизилгенден баштап аталган кызматтын аскер кызматынын өздүк курамы бир топ комплекстүү алдын алуу иш-чараларын өткөрүүдө.

"Жарандарыбыздын ден соолугуна жана өмүрүнө кам көрүү максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. 2020-жылдын 25-мартынан баштап күн сайын Ички коопсуздук аскер кызматынын өздүк курамы көчөлөрдө жана башка коомдук жайларда коронавирус илдетинин жайылуу коркунучун алдын алуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында кызмат өтөп жатат. Учурда Ички иштер органдарынын башка кызматтары менен биргеликте Ички коопсуздук аскер кызматынын аскер кызматчылары Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Ош, Жалал-Абад облустарынын аймактарында жарандардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп келүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий