• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коронавирус жуктургандар кайсы айылдан экени айтылбайт

Аймак 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. "Коронавирус жуктургандардын айылын эмес, кайсы райондон экенин айта алабыз". Бул тууралуу Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде Жалал-Абад облустук медициналык штабдын башчысынын орун басары Урматбек Боржуев билдирди.

Түз эфирде Боржуевге "коронавируска чалдыккандар кайсы айылдан экенин айтууга болобу? Болбосо эмне себептен? Көпчүлүк тургундар айылдарын айтууну сунушташууда" деген суроо берилди.

"Айылдарын эмес, райондорун айта алабыз. Сузак районунда 85 учур, Кара-Көл шаарында – 1, Майлуу-Суу шаарында – 2, Жалал-Абад шаарында – 7, Ала-Бука районунда – 14, Аксы районунда – 2 учур катталды. Жалпы 111 учур катталган", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 27-апрелге карата коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 695ти түзөт. Алардын ичинен 395 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий