• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте “Гендердик сезимтал журналистика” онлайн курсун өткөн алгачкы катышуучулар сыйланды

Коом 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. “Гендердик сезимтал журналистика” онлайн курсун өткөн алгачкы 20 катышуучу сыйланды.

Онлайн окуу курсу аялдарга карата терс стереотиптерди, социалдык тоскоолдуктарды жоюуга, ошондой эле гендердик сезимтал материалдардын катарын көбөйтүү максатында иштелип чыккан.

Фэйсбуктун төмөнкү колдонуучулары “Гендердик сезимтал журналистика” боюнча онлайн курсун өтүү боюнча сынактын жеңүүчүсү катары табылды:

1. Тумөнбай Абдинаби уулу
2. Бахар Хакимова
3. Орозгул Арстанова
4. Тумар Асаналиева
5. Жаркын Замирбекова
6. Малика Нурланова
7. Айзирек Медербекова
8. Айдана Топчубекова
9. Адина Жоробекова
10. Расул Мурат
11. Нурсулуу Нуркамилова
12. Айжан Бакытбек кызы
13. Гулиза Эрмекова
14. Кымбат Турдубекова
15. Амир Азимов
16. Айнура Чойтонбаева
17. Жаннури Калмамбетова
18. Лев Алекс
19. Данил Цой
20. Бактыяр Бердибеков/

Сынакка катышкандарды сыйлоо иш-чарасы 21-октябрда Бишкекте өттү. Аталган сынакка катышуу үчүн Facebook`тун колдонуучулары өз алдынча онлайн курстан өтүп, жыйынтыктоочу тестти тапшырып, сертификатка ээ болушкан.

Сынактын шартына ылайык, Facebook социалдык тармагына сертификатын жарыялаган алгачкы 20 адам сыйлык ээлери катары таанылган. Жеңүүчүлөр 1000 сомдук китеп сатып алууга сертификаттарды же акчалай сыйлыктарды алышты.

“Журналисттердин, блогерлердин гендердик теңдик темасын сапаттуу чагылдырышы биздин жарандык коомдун өнүгүшү үчүн абдан маанилүү. Себеби гендердик теңдик сакталган жерде коомдун ар бир мүчөсүнүн өсүп өнүгүшүнө, кыялдарын, максаттарын ишке ашырып бактылуу болушуна шарт түзүлөт”, - деп КРнын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Үй-бүлө, балдар, гендердик саясат жана үй -бүлөлүк зомбулуктан коргоо бөлүмүнүн башчысы Гульнура Мамбетисаева сыйлык тапшыруу аземи учурунда билдирди.

Ал эми “Журналисттер” коомдук биркмесинин башкаруу кеңешинин мүчөсү Марат Токоевдин пикирине караганда, гендердик маселени журналисттер кандай деңгээлде чагылдырса, ошого жараша элдин пикири калыптанат.

"Биздин журналистика байкабастан бул багытта көп катачылыктарды кетирип коюп атат. Бул онлайн курс аркылуу журналисттер гендердик-сезимтал журналистиканын негиздерин өз алдынча окуп, билим алып, сапаттуу материалдарды жаратат деп ишенебиз”, – дейт Токоев.

Жеңүүчүлөрдүн бири, Азаттык медиясынын журналисти Расул Мураттын айтымында, гендердик сезимтал журналистикага көбү анча маани бербегени менен материалда кайсы бир тарапты жынысына карап кемсинтип алышы толук ыктымал.

“20 жылдан бери журналист болуп жүрөм, баарын билем деген туура эмес. Биз билимибизди тынымсыз өнүктүрүп, гендердик сезимталдыкты биз алгач өзүбүздө калыптандыруубуз керек. Ошондо гана коомдун өнүгүшүнө салым кошкон сапаттуу материалдар жаралат", - деген оюн билдирди Расул Мурат.

Гендердик сезимтал журналистика боюнча онлайн курс 3 сабактан турат жана болжол менен 2-3 саатка эсептелген. Бардык 3 сабакты өткөндөн кийин, финалдык тестти тапшыруу сунуш кылынат.

Тесттин жыйынтыгында, "Гендердик сезимтал журналистика” боюнча онлайн курсун" ийгиликтүү аяктагандыгы жөнүндө сертификат берилет.

Онлайн курс “Журналисттер” коомдук бирикмесинин сайтында жайгашкан жана баардык каалоочулар үчүн ачык жана акысыз.

Гендердик сезимтал журналистика боюнча онлайн курс журналисттер, журналистика факультетинин студенттери, блогерлер жана башка кызыкдар тараптар үчүн иштелип чыккан.

Онлайн курс Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин демилгеси боюнча БУУӨПтүн жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун колдоосу менен иштелип чыкты.

Пикир

Оставить комментарий