• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ Аида Салянованын агасынын кайсыл жерде экендигин аныктады

Коом 0

Бишкек, 24.07.18. /Кабар/. Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын агасы Калый Салянов АКШда жүрөт. Ал Камила Дүйшөбаева өлтүрүлдү делген саунанын видео көзөмөлүнө тартылган видеону өчүрттүрүп салган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында ИИМдин криминалдык милиция кызматынын башчысы Нурбек Абдиев билдирди.

Анын айтымында, Салянов Дүйшөбаеванын өлүмүнө шектүү эмес.

Эске сала кетсек, Камила Дүйшөбаева 2014-жылдын 17-мартында өлтүрүлгөн. Кылмыштын бети дагы деле ачыла элек.

Пикир

Оставить комментарий