• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

6 айдын ичинде жүзгө жакын адам мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.07.18. /Кабар/. Жарым жылдын ичинде жүзгө жакын адам мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн кармалган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кызматтык-согуштук ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча биринчи жарым жылдыкта мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн 96 адам кармалган. Анын көпчүлүгү көзөмөл-өткөрүү пункттарына байланыштуу.

“Чек араны бузгандар негизинен мамлекеттик чек арадан жасалма документтер менен же башка бирөөнүн паспотун колдонуу менен өтүүгө аракет жасашат”, - деди Шаршеев.

Ошондой эле ал мамлекеттик чек арадагы режимди бузгандыгы үчүн 148 адам кармалганын айтты. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29 адамга көп.

Пикир

Оставить комментарий