• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу күзүндө башталат – Асанов

Коом 0

Бишкек, 24.07.18. /Кабар/. Бишкек шаары боюнча “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу күзүндө башталат. Бул тууралуу маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.

Анын айтымында, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен эки жумушчу топ түзүлгөн.

“Бирөө долбоорду ишке ашыруунун алкагында мыйзамдык актыларды жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иш алып барат. Экинчиси, сынакты өткөрүү боюнча. Маалым болгондой, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча сынак жарыяланган”, -деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий