• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзбекстандагы элчи Жаманбаев кыргызстандык студенттер менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 22.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 22-июнда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын түрдүү жогорку окуу жайларында билим алып жаткан Кыргызстандын студент жарандары менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Жаманбаев Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы элчиликтин учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, өлкөлөр ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташуунун маанилүү аспектилерине кыскача токтолду.

Ошондой эле элчи студенттерди түрдүү маданий, анын ичинде келерки жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагындагы иш-чараларга активдүү катышууга чакырды.

Мындан сырткары, студенттердин көйгөйлөрүнө кызыгып, алардын сунуштарын угуп, суроолоруна жооп берди. Ал ошондой эле жүргөн өлкөнүн мыйзамдарын жана жүрүм-турум нормаларын сактоо зарылдыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде студенттер жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, элчи менен мындай кеңейтилген жолугушуу алгачкы жолу өтүп жатканын белгилешип, мындан ары дагы ушул сыяктуу жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүлүп туранына ишеним билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий