• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Тоң районунун жергиликтүү бюджетинде каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

Коом 0

Бишкек, 07.08.23. /Кабар/. Эсептөө палатасы Тоң районунун жергиликтүү бюджетинде 18 млн 181,5 миң сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталганын билдирди. Жалпы аныкталган каржы бузуулардан – 8352,8 миң сом ордуна коюлууга тийиш болсо, андан аудиттин жүрүшүндө – 3384,3 миң сом ордуна коюлган.

Анын ичинен:

  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы бюджетке каражаттардын келип түшүүсүн жана кайтаралышын камсыз кылуу боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү – 1471,5 миң сом;
  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы тиешелүү бюджеттерге которулбаган каражаттар – 300,8 миң сом;
  • бюджеттен каражаттарды берүү тартибин бузуу тобу – 25,3 миң сом;
  • Кыргыз Республикасындагы бюджеттик тутумдун бюджетинин каражаттарын максатсыз пайдалануу – 3594,3 миң сом;
  • капиталдык салымдарга жана курулуш иштерин аткарууга бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы бузуулар – 651,9 миң сом;
  • милдеттенмелерди кабыл алуу жана тастыктоо, ошондой эле бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо (ченемден ашык жана тастыкталбаган чыгымдар) – 1100,6 миң сом;
  • бюджеттик каражаттарынын сакталышы жана кайтарылышы камсыздалбаганы – 568,6 миң сом;
  • мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү сактоонун камсыздалбаганы – 3058,9 миң сом;
  • мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү пайдалануудагы бузуулар – 2456,3 миң сом;
  • мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү пайдалануудагы жана башка бузуулар – 4,1 миң сом;
  • бюджеттик отчеттуулукту түзүү эрежелерин бузуу – 2490,7 миң сом;
  • мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзам бузуулар – 2091,6 миң сом;
  • тармактык ченемдик укуктук актылардын ченемдеринин жол-жоболорун бузуу – 366,9 миң сом.

Мамлекеттик сатып алуулар тармагында 3 жол-жоболук мыйзам жана 18 башка жол-жоболук бузуулар аныкталган.

Ири суммадагы каржы бузуулар, төмөнкү айыл өкмөттөрүндө аныкталган:

  1. Ак-Терек айыл өкмөтүндө – 1120,2 миң сом;
  2. Б. Мамбетов айыл өкмөтүндө – 1033,3 миң сом;
  3. Кажы-Сай айыл өкмөтүндө – 1737,9 миң сом;
  4. Күн-Чыгыш айыл өкмөтүндө – 3386,6 миң сом;
  5. Көк-Мойнок айыл өкмөтүндө – 1981,7 миң сом;
  6. Тоң айыл өкмөтүндө – 1705,7миң сом;
  7. Төрт-Күл айыл өкмөтүндө – 2819,7 миң сом;
  8. Улахол айыл өкмөтүндө – 2425,0 миң сом.

Аудиттин материалдары Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинин, айыл өкмөттөрдүн, мекемелердин, ишкана башчыларынын жана финансы кызматкерлеринин катышуусу менен, аймактык бөлүнүштүн отурумунда каралган. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, айылдык Кеңештин төрагаларына - отчет; аудит жүргүзүлгөн айыл өкмөттөргө, мекемелерге жана ишканаларга аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жөнөтүлгөн.

Укуктук баа берүү үчүн: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына, Кажы-Сай айыл өкмөтүндөгү 2019-2020-жылдар аралыгына карата мурдагы аудиттин жыйынтыгы боюнча, жазма буйрукту аткарбагандыгы боюнча жана “Көк-Мойнок машина-трактордук станциясы” муниципалдык ишканасында өткөрүлгөн аудиттин материалдары, Ысык-Көл областык прокуратурасына, Көк-Мойнок айыл өкмөтүндөгү айрым маселелер боюнча жүргүзүлгөн аудиттин материалдары, Улахол айыл өкмөтүндөгү баланстык баасы 1920,0 миң сомдук ХОВО маркасындагы жүк ташуучу автоунаасы боюнча материалдар Тоң райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий