• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Гидроэнергетикага кызыккан инвесторлор "оюндун так эрежелерин" билгиси келет

Коом 0

Бишкек, 22.01.19. /Кабар/. Кыргызстандын гидроэнергетика тармагына кызыккан чет элдик инвесторлор "оюндун так эрежелерин" билгиси келет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Инвестицияны тартуу жана коргоо агенттигинин директору Адилбек уулу Шумкарбек билдирди.

Маселен, инвесторлор эгер энергетикага каражат жумшасак электр энергиясы канчадан, каякка сатылат деп сурап, жумшаган каражаттарын кайтарып алуунун ыкмаларын аныктагысы келет.

"Оюндун так эрежелерин" белгилүү керектиги бар деп ойлом. Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын курулушуна кызыкдар АКШ, Испания жана Кытайдан келген инвесторлор бар. Бирок көйгөйлөр тууралуу баарын билишет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий