• 88.68
  • 95
  • 0.95

Финансы министрлиги: 900 миң сомдон киреше тапса болот деген маалымат жалган

Коом 0

Бишкек, 02.05.23. /Кабар/. Instagram социалдык байланыш тармагында министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун атын колдонуп, чындыкка дал келбеген маалымат тарап жатат. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Интернет желесинде желдей тарап жаткан видеодо Кыргызстандын Финансы министрлиги каржы табуу долбоорун жарыялагандыгы тууралуу айтылат.

D3 Impressoes аталыштагы каналда "финансы министри Акылбек Жапаров (ред: Акылбек Жапаров учурда министрлер кабинетин жетектейт, ал эми финансы министри Алмаз Бакетаев) жарандар үчүн жаңы долбоор баштады. 900 миң сомдон киреше тапса болот, канал Финансы министрлиги тарабынан тастыкталган. Телеграм каналга жазылыңыз" деген сыяктуу жалган билдирүүлөр айтылат.

Финансы министрлиги аталган маалымат чындыкка дал келбестигин баса белгилейт.

"Урматтуу интернет колдонуучулар, мамлекеттик кызматтын жетекчилери жана алардын жакындарынын атын пайдаланып, оңой эле киреше табуу сунуштары менен жарыяланган маалыматтар жалган экенин эскертебиз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий