• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо улантылууда - мэрия

Коом 0

Бишкек, 08.01.20. /Кабар/. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардын жолдорун, тротуар, аялдамалардын айланасындагы кар, муздарды тазалоону улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эртең менен жолдорго 292 тонна туз себилген. Акыркы суткалардын ичинде бардыгы 587 тонна туз себилди. Кар жана музду тазалоого 33 атайын техника тартылган. Ошондой эле штаттык режимде 663 көчө шыпыргыч, “Тазалык” ишканасынын 117 жүк ташыган жана 100гө жакын таштанды чогулткан жумушчулары иш алып барууда.

Мэриядан кошумчалашкандай, жолдорго жана тротуарларга туз себүү жана тазалоо тынымсыз жүргүзүлүп турат.

Шаардын жолдорун, тротуар, аялдамалардын айланасындагы кар, муздарды тазалоо боюнча кайрылуулар мэриянын WhatsApp 0554 182 185 номуруна кабыл алынат. Мындан тышкары, 1840 жана 1850 номурларына күнү-түнү чалууга болот.

Ошондой эле жол тазалоого байланышкан маселелер жаралса, төрт райондун акимдеринин орун басарларына төмөнкү номурлар аркылуу түз кайрылууга болот:

- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — (0312) 65-68-78, (0550) 99-79-27;

- Турсалиев Алмаз Жакыпбекович (Октябрь району) — (0312) 57-63-80, (0772) 19-20-74;

- Аскарбеков Мавлян Амангелдиевич (Биринчи Май району) — (0312) 66-15-37, (0555) 66-60-96;

- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — (0312) 36-07-07, (0703) 61-18-06.

Пикир

Оставить комментарий