• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Нооруз – 2024: Бишкек мэриясы көк бөрү күйөрмандары үчүн коомдук транспорт уюштурат

Коом 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. 21-март - Нооруз майрамында саат 11:00дө келечектеги ипподромдун ордунда көк бөрү оюндарынын финалдык беттеши өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктардын ыңгайлуулугу жана көк бөрү күйөрмандарынын коопсуздугу үчүн саат 09:00дөн 10:30га чейин транспорт уюштурулат.

Ошондой эле жол тыгындарын алдын алуу максатында «РИОМ Авто» автобазарынын аймагында 1500 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай уюштурулат. Унаа токтотуучу жай үчүн төлөм MBank тиркемеси же терминалдар аркылуу жүргүзүлөт, ал 30 сомду түзөт.

Эскерте кетсек, аренага коомдук транспорт («Shuttle Bus») менен жетүүгө болот, шаар баасы менен – накталай эмес төлөм үчүн 17 сом, накталай түрдө 20 сом.

"Сиз унааңызды калтырып, көздөгөн жериңизге алып баруучу жана баштапкы аялдамаңызга кайтып келе турган автобус менен барышыңыз керек. Иш-чаранын катышуучуларынын ыңгайлуулугун үчүн, тыгындарды болтурбоо максатында коомдук транспортту колдонууну суранабыз", - деп белгилешти мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий