• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Телефонду каттоо үчүн акчаны эл эмес, алып келген тарап төлөйт

Коом 0

Бишкек, 24.07.18. /Кабар/. Телефондорду каттоо үчүн акчаны эл эмес, алып келген тарап төлөйт. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда аталган долбоор иштелип чыгуу баскычында – коомдук талкууда.

“Мобилдик телефондорду каттоо биздин өлкө үчүн өтө маанилүү, себеби ал телефондордун уурдалышынан, аткезчилик жана контрафакттык өндүрүштөн жарандардын укугун коргойт. Ошондой эле санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүнүн пайдубалы болуп берет. Уурдалган телефондорду колдонууга мүмкүн болбой калат”, - деди Шаршембиев.

Ошондой эле ал ар бир телефонду каттоо 100 сомду түзөрүн, аны алып келүүчү тарап төлөй турганын кошумчалады. Ал эми өлкөнүн аймагындагы смартфондор бекер, мобилдик операторлордун жардамы менен катталат. Телефондор колдонуучунун сим-картасына байланган болот.

“Телефонду онлайн режимде, үйдөн чыкпай мамлекеттик кызмат көрсөтүү порталынан каттаса болот. Учурда ал иштелип жатат”, - деди Шаршембиев.

Пикир

Оставить комментарий