• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Акылбек Жапаров «АгроТехЭкспо-2021» көргөзмөсүнүн ачылышына катышты

Өкмөт 0


Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында өткөн Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексинин кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган «АгроТехЭкспо-2021» көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө айыл чарба кызматкерлеринин эмгегин жогору баалап, үстүбүздөгү жылы алар жогорку кесипкөйлүктү жана өжөрлүктү көрсөткөндүгүн белгиледи.

«Аба ырайындагы жагымсыз шарттарга карабастан, атамекендик айыл чарба кызматкерлери өлкө калкынын азык-түлүккө карай муктаждыгын камсыздоого чоң салым кошо алышты. Жеңилдиктер, насыялар, аба ырайынын катаал шартында дыйкандарды колдоого алуу, экспорттук субсидиялар жана жер семирткичтерди, транспортту жана күйүүчү-майлоочу майларды колдоо чаралары улантылат. Учурда биздин алдыбызда өзүбүздүн өндүрүштүк кубаттуулуктарды өнүктүрүү жана айыл чарба секторунун экспорттук потенциалын жогорулатуу милдети турат», - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы айыл чарба секторунун өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон айыл чарба кызматкерлерин энчилүү сааттар менен сыйлап, ошондой эле айыл чарба техникасын жана республиканын аймактарында өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсүн көрүп чыкты. Көргөзмөдө жер-жемиштердин ондогон түрү жана сүт продукциялары тартууланган.

Пикир

Оставить комментарий