• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Премьер-министр Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын башчысын кызматынан бошотту

Өкмөт 0

Бишкек, 12-май /Салтанат Абдраева – Кабар/. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн өкмөттүн жыйынында Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын башчысы Бакыт Жумашевди кызматынан бошотуу тууралуу протоколдук чечимд окуду.

Жыйындын жүрүшүндө МКК өкүлү компания түзүлгөндөн тарта өлкө боюнча 10 миң 800 турак жай камсыздандырылгандыгын билдирди.

Бирок, премьер-министр компаниянын ишинин начардыгына нааразы болду. “Силер болгону 10 миң 800 үйдү камсыздандыргансыңар. Бул мезгилде жөө жүрсөңөр да, 100 миң үйдү камсыздандырууга болмок. Силер эч нерсе кылбай, кайра мамлекеттен акча сурап жатасыңар. Мамлекет саан уй эмес, кайра эле сурай бергидей. Жада калса, сүт алыш үчүн уйду да багып, жем бериш керек. Компаниянын башчысы Бакыт Жумашевди жана бардык жетекчинин орун басарларын кызматынан бошотуу керек”, - деди С.Жээнбеков.

Ошондой эле, ал Камсыздандыруу компаниясынын бардык ишин талдоо керектигин белгиледи. “Бир сабаттуу жигитти дайындоо керек, иштесин. Учурда компания иштеген жок, мамлекеттин эле акчасын коротуп жатат”, - деп белгиледи премьер.

Өкмөт башчы Б.Жумашевди кызматынанбошотуу тууралуу протоколдук чечимди окуду.

Пикир

Оставить комментарий