• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бакыт Төрөбаев ЕРӨБ өкүлчүлүгүнүн башчысы менен энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы, Тажикстан жана Түркмөнстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Айтен Рустамова менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда кызматташуунун келечектүү багыттары, атап айтканда, «Чакан ГЭС» ААК модернизациялоо, «Кара-Көл» жана «Орто-Токой» эки жаңы чакан ГЭСин куруу, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары, транспорт жана ирригация тармагындагы долбоорлор талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий