• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин Алыбаев көчөсүнүн бир бөлүгү 7 метрге кеңейтилет

Коом 0

Бишкек, 14.06.23. /Нурзат Жумалиева — Кабар/. Бишкектин Мидин Алыбаев көчөсүнүн бир бөлүгү 7 метрге кеңейтилет.

Муниципалитеттен билдиришкендей, узундугу 740 погон метрди түзгөн Мидин Алыбаев көчөсүнүн Кривоносов көчөсүнөн Осмонов көчөсүнө чейинки бөлүгү "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан оңдолууда.

Алсак, аталган көчөдө тротуар куруу, ирригация системасын орнотуу жана жолду 7 метрге кеңейтүү пландалууда.

"Учурда Осмонов көчөсүнөн Крылов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө иштер жүрүп жатат. Көчөнүн бул бөлүгүндөгү эски асфальт алынып, жашыл жерлерди сугаруу үчүн ирригациялык система орнотулду. Учурда жол бордюрлары орнотулуп, тротуар иретке келтириле баштады", - деп белгилешти мэриядан.

Ошол эле учурда "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы жеринде эскилиги жеткен суу түтүктөрүн алмаштырууда. Аталган көчөдө жалпысынан 375 погон метр суу түтүктөрү алмаштырылат.

Пикир

Оставить комментарий