• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Шухрат Айтиев менен Айчүрөк Назаралиева акыйкатчынын орун басарлары болуп шайланды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 14.06.23. /Кабар/. Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар КР акыйкатчысынын орун басарларын шайлоо жөнүндөгү маселени карашты.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, акыйкатчынын орун басарлыгына Шухрат Айтиев менен Айчүрөк Назаралиеванын талапкерлиги көрсөтүлдү.

Жашыруун электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгында акыйкатчынын орун басарлыгына Шухрат Айтиев менен Айчүрөк Назаралиева шайланды.

Пикир

Оставить комментарий