• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Электр энергиянын тарифинин өзгөрүшүнөн бюджетке кошумча 2,5 млрд сом киреше түшөт

Экономика 0

Бишкек, 19.04.23. /Кабар/. Керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына тарифтерди өзгөртүүдөн күтүлүп жаткан кошумча киреше 2,5 млрд сомдон ашык болот. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин 18-апрелдеги жыйынында билдирди.

Анын айтымына караганда, Кыргызстанда 2023-жылдын 1-майынан тартып өлкөнүн калкы үчүн электр энергиясынын баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзөт. «Электр энергиясын 700 кВт.с жогору пайдаланган учурда тариф мурдагы деңгээлде сакталат – 2,16 сом/кВт.с. Муктаж болгон үй-бүлөлөр жана жарандар үчүн тариф мурдагы деңгээлде сакталып, 1 кВт.с үчүн 50 тыйынды түзөт», - деди министр Ибраев.

Министр ошондой эле ал тарифтерди жогорулатууга байланыштуу көрүлүп жаткан чаралар өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга жана керектөөнүн көлөмү динамикалуу өсүп жаткан шарттарда калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жабдуу үчүн зарыл болуп жатканын маалымдады.

Талкуу маалында комитет мүчөлөрү тарифтерди көтөрүүнүн натыйжасында түшкөн каражаттар абоненттерди электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында эскирген жабдууларды модернизациялоого багытталышы керектигин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий