• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте 31-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт

Коом 0

Бишкек, 28.10.23./Кабар/. Бишкекте 31-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.

Объекттерди туташтыруу бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине, андан кийин мурда керектелген жылуулук энергиясы үчүн карызы жок жана объекттин кышкы шарттарда пайдаланууга даярдыгы жөнүндө актысы бар турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине бериле баштайт.

Турак жайды туташтырууда үйлөрдүн үстүнкү кабаттарынын жылытуучу приборлорундагы Майевский крандары аркылуу жылуулук системасынан абаны чыгаруу зарыл. Бул чара батирлерге жылуулуктун агымын тездетет.

Пикир

Оставить комментарий