• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министр Ч.Айдарбеков Германиянын ири экономикалык бирикмелеринин өкүлдөрүн Кыргызстанга чакырды

Коом 0

Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. Кечээ, 27-январда Берлин шаарында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен герман экономикасынын Чыгыш-европалык бирикмесинин Аткаруучу директору Михаэл Хармстын жолугушуусу болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министр Ч.Айдарбеков маектешине Кыргызстандын экономикасынын приоритеттүү багыттары жөнүндө маалымдады жана германия экономикасынын өкүлдөрүн өлкөгө инвестиция кылууга чакырды.

М.Хармс эки өлкөнүн ишкердик чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды кеӊейтүүнүн жана биргелешкен бизнес-форумдарды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Аны менен бирге 2019-жылы Мюнхен шаарында болуп өткөн кыргыз-герман бизнес-форумун жана анын жүрүшүндө экономиканын түрдүү чөйрөсүндө бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлганын позитивдүү белгиледи.

Министр Ч.Айдарбеков Чыгыш-европалык бирикменин өкүлдөрүн ЕБ-БА биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды.

М.Хармс мындан ары дагы кызматташууга жана эки өлкөнүн ишкердик чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен өз ара сапарларды уюштурууга даярдыгын билдирди.

Маалымат үчүн: Герман экономикасынын Чыгыш-европалык бирикмеси – Германиядагы ири бирикмелердин бири. Анын курамына Siemens, Deutsche Bank, KNAUF сыяктуу жана башка бир катар ири германиялык компаниялар кирет. Бирикменин ишмердүүлүгү Германия менен Борбордук, Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн, Түштүк Кавказдын жана Борбордук Азиянын ортосундагы экономикалык өз ара аракеттенүүнү колдоого багытталган. Расмий сайты: www.oaoev.de

Пикир

Оставить комментарий