• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Санарип Кыргызстан» концепциясын ишке ашыруу боюнча иштер уланууда — Догоев

Коом 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Өлкөнү санарипке өткөрүүнүн мамлекеттик саясатынын алкагында «Санарип Кыргызстан» концепциясын ишке ашыруу боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өтүп жаткан маалымат жыйында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин (МТБМК) төрагасы Дастан Догоев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, 2020-жылдын май айында өлкөнүн бардык айыл өкмөттөрүндө «Санарип аймак» долбоорунун башталышы пландалып, жылдын аягына чейин бул долбоор бүт өлкөгө киргизилет.

«Бүгүнкү күндө «Санарип аймак» 8 айыл өкмөтүнө пилоттук режимде киргизилген. Долбоордо электрондук документ жүгүртүүнү киргизүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук форматка өткөрүү жана айыл өкмөтүнүн деңгээлинде башкаруу тутумун автоматташтыруу камтылат», - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий