• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү коомдук транспорттордун техникалык абалын текшерүүдө

Коом 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү коомдук транспорттордун техникалык абалын текшерүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жол транспорт кырсыктарын болтурбоо жана анын алдын алуу максатында Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери алыскы аймактарга каттаган жүргүнчүлөрдү ташыган автобустардын жана шаар ичинде каттамга чыккан маршруттук унаалардын айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

"Коомдук транспорттордун техникалык абалы, баардык талаптарга жооп берүүсү негизги талап болуп саналат. Анткени көптөгөн жол кырсыктарынын келип чыгуу себептери унаанын техникалык жактан оң абалда эместиги болуп жаткандыгын түшүндүрүп, жол тыгындарын болтурбоо максатында маршруттук унаалардын сөзсүз көрсөтүлгөн аялдамаларда кана жүргүнчүлөдү салуу жана түшүрүү болуусун талап кылууда. Ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу учурунда унаанын ички салону санитардык талаптарга жооп берүүсү жана каттамдан келгенден кийин сөзсүз желдетип, тазаланып туруусу эскертилүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий