• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун алкагында зымдарды тартуу иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 01.11.22. /Кабар/. Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун алкагында зымдарды тартуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иштер 12-сентябрдан тарта Баткен облусунда жүрүүдө. Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары аркылуу өткөн ЖЧ-500 кВнын узундугу 456 чакырымды түзөт.

Бүгүнкү күндө төмөндөгү курулуш иштери жүргүзүлдү: 1211 (97,4%) тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдор курулду, 1211 (97,4%) тирөөчтүн чуңкурлары казылды, 1180 (94,9%) тирөөчтөр арматураланды жана бетондолду, 969 (78%) тирөөч орнотулду, зымдарды тартуу - 36,1 км (7,9%). Курула турган электр тирөөчтөрдүн жалпы саны 1243.

Андан сырткары, Жалал-Абад облусунда CASA-1000 долбоорунун алкагында «Датка» көмөк чордонундагы 500 кВ көмөкчү чордонун куруу иштери жүрүп жатат.

Аталган үч облуста инфраструктуралык объекттерди куруу үчүн адистерди мобилизациялоого 6 курулуш базасы курулду.

Маалымдама: CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын - Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталып, эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.

Пикир

Оставить комментарий