• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекке Украина, Австрия, Венгрия, Чехия жана Словакиядан 29 кыргызстандык кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 4-майда казак тараптын көмөктөшүүсүндө Бишкекке Украина, Австрия, Венгрия, Чехия жана Словакиядан 29 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган жарандар Украина авиакомпаниясынын коммерциялык чартердик авиакаттамы аркылуу Тараз шаарынын (Казакстан) эл аралык аэропортуна "Киев-Будапешт-Тараз" маршруту боюнча келген.

"Кыргызстандык жарандар КР саламаттыкты сактоо уюмунун кызматкеринин коштоосунда атайын транспорт менен Бишкек шаарына алынып келинди. Чет мамлекеттерде калган кыргызстандыктарды кайтаруу жолдору, анын ичинде өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосунда жана кызматташуусунда уланып жатат", - деп баса белгилешти ТИМдин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий