• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

25-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 24.04.19. /Кабар/. Эртең, 25-апрелде Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында маал-маалы менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Эртең абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16, Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14 градус болот.

Ысык-Көл облусундагы болсо түнкүсүн 3…8, күндүз 6…11, Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 5…10 градус.

Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 11…16 градус болот.

Эртең Бишкек шаарында маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7 градус, күндүз 13…15 градуска чейин жетет.

Пикир

Оставить комментарий