• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Фейк жаңылыктардан бүткүл дүйнө жапа чегип жаткандыгын көрүүдөбүз. Бул тармакты укук талаасына кайтаруу керек – депутат

Коом 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. Акыркы учурда технология, интернет жана социалдык тармактардын өнүгүшү менен жаңы дүйнөлүк көйгөй жаралды – фейк жаңылыктар. Көпчүлүк ЖМКлар интернет-платформа жана соцтармактарда ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. 2020-жылдын 14-майында социалдык тармактардагы маалыматтарды жөнгө салуу максатында “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Мыйзамдын демилгечилери Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин айтымында, бүгүнкү күндө бардык жарандар маалыматтарды соцтармактан алышат. Бирок ЖМКлардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөгөн мыйзам бар болсо, соцтармактагы тараган маалыматтар көзөмөлдөнбөй калууда.

“Айрыкча, сөз жалган маалыматтардын таралышы жөнүндө болуп жатат. Бүткүл дүйнө фейктерден жапа чегип жатат жана көпчүлүк мамлекеттер чараларды көрүүдө. Биз гана чараларды көрө элек өлкөлөрдүн катарында жүрөбүз. Пандемия учурунда коронавирустун такыр жок экендиги боюнча фейк жаңылыктар тараган. Кыргызстанда бул жаңылык апыртылган”, - дейт ал.

Депутат айрым жарандар башка өлкөлөрдүн дүкөндөрүндөгү бош текчелерди тартып алган сүрөтүн көрсөтүп, бул жергиликтүү дүкөндөрдөн тартылган сүрөт деп соцтармакта жүктөгөн учурлар болгонун айтат.

Мындан улам ажиотаж болгонун көрдүк. Ошондой эле башка бир адамдын аты-жөнү менен фейк аккаунт ачып, коомдогу туруксуздукка алып келген учурлар да болууда”, - деди Маматалиев.

Депутат кошумчалагандай, фейк жаңылыктарга каршы иш-аракеттердин алкагында депутаттар жалган маалымат тараткандарга айыппул салууну сунуштоодо.

“Германияда айыппулдун суммасы 1 млн евро, Россияда 200-300 миң рубль. Биз мындай ири өлчөмдө айыппул салууну каалабайбыз. Азырынча айыппулдун суммасы тактала элек. Адам өзүнүн пикирин билдирүүгө укуктуу, бирок бир күн иштеп кайра жок болуп кеткен фейк аккаунт менен эмес. Мындай кадамдардын ишке ашпашы үчүн биз муну токтотууну каалап жатабыз жана мыйзамдын негизинде чечели”, - деп белгиледи ал.

Аталган мыйзам долбоорунун максаты интернет тармагында таралып жаткан жалган маалыматтардан жарандарды, юридикалык жактарды жана мамлекетти коргоо, алардын укугун жана эркиндигин камсыз кылуу. Интернет тармагында тараган маалыматтарды төмөнкү жолдор менен көзөмөлдөө: укуктук мамилелердин субъекттерин аныктоо, жөнгө салууну жүзөгө ашырууда ыйгарым укуктуу органдын функциялары, интернет-провайдерлердин жана колдонуучулардын укуктары жана милдеттери, интернетти колдонууда юридикалык мааниге ээ иш-аракеттердин ордун жана убактысын аныктоо эрежелерин тастыктоо.

Пикир

Оставить комментарий