• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 227ге жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Өзбекстанда 4-апрелге карата коронавирустук инфекция жуктуруп алган 6 жаңы учур катталды. Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча жуктургандардын саны 227ге жетти. Бул тууралуу Өзбекстан Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча коронавирустан 25 адам толугу менен айыкты, ал эми илдеттен эки адам көз жумду.

Ташкентте, Нукуста жана облустук борборлордо 1-апрелден тарта обочолонуу режими киргизилди. Ал эми 65 жаштан жогору адамдарга эшикке чыгууга тыюу салынган.

Жарандарга үйүнүн жанындагы дарыканага жана дүкөнгө эле барууга болот.

Өзбекстанда коронавирусту жуктурган биринчи учур 15-мартта катталган.

Пикир

Оставить комментарий