• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кадамжайдын жаңы акими Болоткан Баяке уулу район активине тааныштырылды

Коом 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы–аким болуп дайындалган Болоткан Баяке уулу район активине тааныштырылды. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жаңы акимди президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев тааныштырып, иштерине ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, президент бүгүн 30 жаштагы Баяке уулу Болотканды Кадамжай районунун акими кылып дайындады. Ал эки күн мурун кызматтан алынган Кутпидин Шакировдин ордуна келди.

Пикир

Оставить комментарий