• 88.68
  • 95
  • 0.95

Улуттук банк “Аманбанкта” атайын режимди узартты

Коом 0

Бишкек, 16.01.23. /Кабар/. Улуттук банк РК “Аманбанк” ААКта атайын режимди узартты.

Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына ылайык, Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 11-январындагы токтомуна ылайык, РК “Аманбанк” ААКта Убактылуу администрация атайын режими 2023-жылдын 14-январынан тартып 6 айга узартылды.

РК "Аманбанк" ААКтын убактылуу администратору болуп Абдулдабеков Рустам Аскарбекович дайындалды.

Эске салсак, атайын режим 2022-жылдын 15-июлунда киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий