• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Салмагы 12 килограмм болгон". Кара-Балтада 7 жаштагы кыз каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 16.01.23. /Кабар/. Кара-Балтада 7 жаштагы кыз аз тамактануудан улам арыктап каза болду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Жайыл райондук жалпы дарыгердик практика борборунун директору Айнура Имашева билдирди.

Анын айтымында, кыз ооруканага 14-январда түшкөн.

"Кыз организминдеги суунун жетишсиздигинен жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Анын абалы өтө оор болчу. Дарыгерлердин айтымында, кыздын атасы балдарды карабайт, апасы Россияда", - деди Айнура Имашева.

Ал кыз жети жашта экенине карабай салмагы 12 кг гана болгонун белгиледи. "Биздин дарыгерлер колунан келгенин жасашты, бирок кыз 15-январь күнү эрте менен каза болуп калды", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий