• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Талас районунда жол кырсыгы катталып, эки адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. Талас облусуна караштуу Талас районунун Чат-Базар айылындагы ички-чарбалык унаа жолунда “Дэу Матиз” менен “АУДИ С4” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсыктан эки адам ар кандай жаракат алган.

Жерине төрт куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий