• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте сугат иштери улантылууда — мэрия

Коом 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. Бишкекте сугат иштери улантылууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

8-сентябрдан 9-сентябрга караган түнү шаардагы сугат суусу Чыгыш ЧЧК, Жогорку жана Төмөнкү Транзит каналдарынан берилип, райондорго бөлүштүрүлгөн.

"Таң эртеден баштап “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын сугатчылары Тыналиев, Сухомлинов, Калык-Акиев, Матыев, Абдрахманов, Исанов, Алма-Атинский, Айтматов, Манас жана Чүй/Манас, Үмөталиев менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишин сугарышты. Ошондой эле Горький, Театральный, Сейтек, Тагай-Бий көчөлөрү жана 6-кичи райондогу гүлбакчалары сугарылды. Ошондой эле “Адинай”, "Эмен”, Эркиндик бульвары жана “Ынтымак” менен “Ынтымак2” сейил бактарында таңкы сугат иштери өттү", - деп айтылат маалыматта.

Сугат иштери менен биргиликте күн сайын парктардын ичинде чөптөр чабылып, гүлзарлар отолуп турат. Учурда Токомбаев жана Исанов көчөлөрүндө отоо иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий