• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бүгүн Кыргызстандын эгемендик алганына 29 жыл толду

Коом 0

Бишкек, 31.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 31-август Кыргызстандын эгемендик алганына туура 29 жыл толду. Бул күнгө карата учурда «Ала-Тоо» аянтында майрамдык салтанат өтүүдө. Ага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, экс-президент Роза Отунбаева жана башкалар катышууда.

Белгилей кетсек, иш-чара учурдагы эпидкырдаалды эске алуу менен онлайн форматта өтүп жатат.

Көрүүчүлөр чакырылган жок. Маданий массалык иш-чаралар жана элдик сейилдөөлөр да пландалган эмес. Иш-чара республикалык телеканалдар аркылуу түз алып көрсөтүлүүдө.

Иш-чара саат 09:00дө башталды, 10:00дө аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий