• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жамаатына жаңы жетекчи тааныштырылды

Өкмөт 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жамаатына жаңы директор Равшанбек Сабировду тааныштырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Акылбек Жапаров белгилегендей, президент тарабынан «Инвестициялар чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүү жана КРнын инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлган, ага ылайык Кыргызстанга инвестицияларды тартуу жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты координациялоо КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин карамагына өткөрүлдү.

Министрлер кабинетинин башчысы учурдагы татаал шарттарда инвестицияларды тартуу, республиканын инвестициялык потенциалын жогорулатуу жаатында агенттиктин ишин толугу менен кайрадан карап чыгуу зарылдыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде Равшанбек Сабиров КР президентине жана КР министрлер кабинетинин төрагасына көрсөтүлгөн ишеними үчүн ыраазычылык билдирди жана алдыга коюлган милдеттерге жана пландарга жетишүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалаарын билдирди.

Жыйынтыгында Акылбек Жапаров агенттиктин жаңы жетекчисине жана жамаатына ийгилик жана жемиштүү иш каалап, Кыргызстанга чет элдик түз инвестициянын агымы дээрлик 30%га өскөнүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий