• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген Ысык-Көл РЭТ кызматкерлерине иш козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан “Чыгышэлектр” ачык акционердик коомунун (ААК) Ысык-Көл райондук электр тармагынын (РЭТ) кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө “Чыгышэлектр” ААКнын Ысык-Көл (Чолпон-Ата ш.) РЭТинин кызмат адамдары жеке кызыкчылыктарын көздөп, райондун аймагында жашап жаткан абоненттерге электр энергиясын эсептөөчү эсептегичтерди орнотпостон, абоненттерди электр энергия берүүчү тутумдарга мыйзамсыз туташтырышкандыгы жана карыздары өтө чоң сумманы түзгөн абоненттердин карыздарын жашыруу максатында жаңы эсептөөчү эсептегичтерди орнотушкандыгы аныкталган.

Мындан сырткары, адамдар жашабаган турак үйлөргө же имараттарга карата электр энергиясын колдонуп, карыздары чоң өлчөмдү түзгөн деп иш кагаздарды түзүшүп, кийин электр энергияга болгон карыздарды мыйзамсыз жоюу менен эсептен чыгарышкан.

Аталган мыйзамсыз аракеттердин кесепетинен мамлекетке жалпы 2 млн 547 миң 744 сом өлчөмүндөгү зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу") менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Пикир

Оставить комментарий