• 88.68
  • 95
  • 0.95

Саламаттык сактоо министрлиги менен ЮНИСЕФ биргелешкен программаларды ишке ашырууну талкуулады

Ден соолук 0

Бишкек, 10.11.23./Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн м.а. Кристина Бруджиоло, саламаттык сактоо боюнча аймактык кеңешчиси Габриела Фонтана, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы саламаттык сактоо программасынын менеджери Суренчимег Ванчинкху менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда тараптар ЮНИСЕФтин Саламаттык сактоо тармагына колдоо көрсөтүү боюнча жылдык баяндамасын даярдоо, эмдөө программалары, тамактануу жана абанын сапаты боюнча программаларды талкуулашты.

ЮНИСЕФ менен кызматташуунун негизги багыттарынын бири эмдөө. ЮНИСЕФтин колдоосу менен республиканын саламаттык сактоо уюмдарында муздатуу чынжырын модернизациялоого багытталган бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Бул кызматташтыктын натыйжасында өлкө жогорку сапаттагы алдын ала квалификацияланган муздаткычтарга, чыңалуу стабилизаторлоруна, температураны үзгүлтүксүз көзөмөлдөөчү түзүлүштөргө ээ болду жана тиричилик муздаткычтарын PQS стандарттарына жооп берген адистештирилген муздаткычтарга алмаштыруу процесси башталды.

Туура тамактануу боюнча Саламаттык сактоо министрлиги ЮНИСЕФтин колдоосу менен биринчи жолу 2021-жылы Кыргыз Республикасындагы аялдардын жана балдардын тамактануу абалы боюнча Улуттук комплекстүү изилдөө жүргүздү.

ЮНИСЕФтин колдоосу менен 1 417 медицина кызматкери кош бойлуу жана бала эмизген энелерге, жаңы төрөлгөн ымыркайларга жана беш жашка чейинки балдарга тамактануу боюнча кеңеш берүү боюнча окуудан өтүштү. Улуттук деңгээлде мониторингди жакшыртуу үчүн Нерв түтүктөрүнүн кемтиктеринин реестри да киргизилген.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Алымкадыр Бейшеналиев ЮНИСЕФке Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал коомдук саламаттык сактоо Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин жана ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүү жана стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экендигин баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуунун мындан аркы кадамдарын талкуулоону, анын ичинде ЮНИСЕФтин КР Саламаттык сактоо тармагына колдоо көрсөтүү боюнча Жылдык баяндамасын биргелешкен жылдык саламаттыкты сактоо серебине жана 18-22-декабрда өтүүчү Саламаттыкты сактоо саммитине даярдоону макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий