• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Садыр Жапаров Парижде өтүп жаткан ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясында сөз сүйлөдү

Президент 0


Бишкек, 10.11.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Парижде (Франция Республикасы) ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясында сөз сүйлөдү.

«Биздин кезектеги 42-конференциябыз кайрадан тынчтыкка жана коопсуздукка, олуттуу коркунучтарга, позитивдүү өз ара аракеттенүүнү жана өз ара көмөктөшүүнү, конфессиялар аралык жана маданияттар аралык диалогду орнотуудагы көйгөйлөргө туш болуп жаткан учурда өтүп жатат.

Мына ушундай терс тенденциялардын фонунда интеллектуалдык форум катары ЮНЕСКОнун ролу мурдагыдан да актуалдуу болууда.

Сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясында сүйлөп жатып, мен глобалдык климаттын өзгөрүшү темасына да токтолгом, анын кесепетинен тоо экосистемалары жана мөңгүлөр өзгөчө аялуу болуп калды.

Кылымдар бою мөңгүлөр, дарыялар жана тоо экосистемасынын биологиялык ар түрдүүлүгү жок болуп кетүү коркунучунда турат. Кыргызстан бийик тоолуу өлкө болгондуктан, климаттын өзгөрүү шарттарында мөңгүлөрдүн эриши жана мөңгүлүү көлдөрдүн жырылуу коркунучу проблемасына түздөн-түз кабылууда", - деп ырастады Мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров Кыргызстан тоо экосистемасынын проблемаларын чечүү максатында БУУнун алкагында тоолорду туруктуу өнүктүрүү жаатындагы демилгелерди жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери жигердүү илгерилетип келерин баса көрсөттү. 2022-жылы биздин өлкөнүн жана Италиянын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясынын «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» резолюциясы бир добуштан кабыл алынган. Бул документ менен 2023-2027-жылдар Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланган.

Президент «Тоо беш жылдыгынын» жыйынтыктоочу этабы катары 2027-жылы, биринчи саммиттен 25 жыл өткөндөн кийин Кыргызстанда Экинчи Глобалдык «Бишкек+25» тоо саммитин өткөрүүнү пландаштырылып жатканын кошумчалады.

Буга байланыштуу Президент бардыгын активдүү катышууга жана тоо экосистемаларын сактоо үчүн конкреттүү салым кошууга чакырып, ЮНЕСКОнун аянтчасында Кыргызстандын демилгелерине ар тараптан колдоо көрсөтүлүшүнө жана тоо экосистемалары менен мөңгүлөрдү сактоо боюнча биргелешкен жемиштүү кызматташууга үмүттөнөрүн белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстан 2026-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасына түздөн-түз интеграцияланган туруктуу өнүктүрүү максаттарын толук кандуу ишке ашырууга умтуларын баса белгиледи.

Мындан тышкары кыска жана узак мөөнөттүү перспективада туруктуу келечекке жол катары экологиялык окутуунун абдан маанилүүлүгүн белгилеген Мамлекет башчысы Кыргызстан Билим берүүнү экологиялаштыруу боюнча глобалдык өнөктөштүккө кошулганын кошумчалады.

Маданият тармагына токтолуп, ЮНЕСКОнун конвенцияларынын алкагында өлкөдө маданий мурастарды мамлекеттик коргоонун жана жайылтуунун натыйжалуу системасы түзүлгөнүн кошумчалады.

«2019-жылдан бери Кыргыз Республикасы ЮНЕСКОнун Аткаруу кеңешинин активдүү мүчөсү. Маданий көп түрдүүлүктүн, диалогдун жана өнүгүүнүн баалуулуктарын дүйнө жүзүнө жайылтууга мындан ары да салым кошууну каалап, Кыргызстан 2023-2027-жылдарга ЮНЕСКОнун Аткаруу кеңешине кайра шайланууга талапкерлигин көрсөттү. Биз мындан ары да Уюмдун органдары менен комитеттерине шайлануу жана жигердүү иштөө аркылуу анын ишмердүүлүгүнө салым кошууга даярбыз», - деп Президент Садыр Жапаров сөзүн жыйынтыктады.

Сөзүнүн аягында Президент Садыр Жапаров кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун осуятын келтирди: “Жерди, жаратылышты сактагыла, ансыз жер бетинде жашоо болбойт. Эркиндикти жана тынчтыкты сактагыла, ансыз биздин жашообузда тынчтык болбойт. Сүйүүнү, адеп-ахлакты, абийирди сактагыла, ансыз адам адам болбой калат. Өткөндү унутпа, анткени ансыз келечек жок".

Пикир

Оставить комментарий