• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эмгек министри өзбекстандык кесиптеши менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 10.11.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Өзбекстандын иш менен камсыз кылуу жана жакырчылыкты кыскартуу министри Бехзод Мусаев менен жолугушту.

Ведомстводон кабарлашкандай, жолугушууда министрлер эки өлкөдө ишке ашырылып жаткан жаштарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча долбоорлор тууралуу баарлашып, кызматташуунун жаңы деңгээлин талкуулашты.

Кыргызстанда акы төлөнүүчү коомдук жумуштар, кесиптик окутуу жана кесиптик багыт берүү, майыптыгы бар адамдарды, кайтып келген мигранттарды ишке орноштуруу, аялдардын ишкердигин колдоо сыяктуу активдүү иш менен камсыз кылуу чаралары ишке ашырылып жатканы айтылды.

Ошондой эле министр Гүлнара Баатырова жакырчылыктан чыгууда "Социалдык контракт" программасынын маанисин белгиледи.

"Социалдык контракт программасын ишке ашыруу боюнча тажрыйбабыз менен бөлүшө алабыз. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен аз камсыз болгон үй-бүлөгө бизнес ачуу үчүн мамлекет тарабынан 100 миң сом бөлүнөт.

Бир жыл мурун бул пилоттук долбоор болгон. Бүгүнкү күндө ал өзүнүн бизнес-демилгелерин ишке ашырган 13 миңге жакын үй-бүлөнү камтыган улуттук өлкө программасына айланды. Программанын аркасында 70 миңден ашуун адам жашоосун жакшыртты, алардын 43 миңи 16 жашка чейинки балдар. Бул дүйнөлүк деңгээлде таанылган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруунун эң мыкты куралдарынын бири болду", - деди ал.

Өз кезегинде өзбек делегациясы ар бир адамга компьютердик сабаттуулук, ар кандай тилдерди билүү, ишкердик сабаттуулук сыяктуу талап кылынган кесиптерди жана кошумча көндүмдөрдү алууга жардам берген мамлекеттик моноборборлордун ишин уюштуруу тажрыйбасы менен бөлүштү.

Өзбекстандык министр Бехзод Мусаев Гүлнара Баатырованы Өзбекстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий