• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров: Ички инвесторлорду колдоого дайым даярбыз

Президент 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. Ички инвесторлорду колдоого дайым даярбыз, деп билдирди президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген кезектеги маегинде.

Мамлекет башчысы инвесторлорду колдоо, ишкерлерди текшерүүгө тыюу салган жарлыкка байланыштуу узатылган суроого жооп берип жатып, тилекке каршы, биздин бай жарандарыбыз ири инвестор болгулары келбей тургандыгын айтты.

"Баары акчаларын чет өлкөдөгү банктарда кармашат. Ошол акчаларын коркпой алып келип, өлкөбүзгө иштетиши үчүн акчалары менен мүлктөрүн легалдаштыруу мыйзамын кабыл алып бергенбиз. Бул мыйзам 1-июлга чейин иштейт. Легалдаштырып алышса, анан акчаларын коркпостон алып келип, ири долбоорлорду башташат деп ойлойм", - деди президент.

Садыр Жапаров ишкерлерди эркин иштеп, тезирээк буттарына туруп алсын деген максатта аларды текшерүүгө тыюу салган жарлыкка кол койгондугун эске салды.

"Ишкерлер экономикабыздын кыймылдаткыч күчү да. Бул жолкусунда жарлыктын аткарылышын катуу көзөмөлдөйбүз. Мурдагыдай текшерүүчү органдар бирөөнүн үстүнөн арыз уюштура калып текшерүүгө жетип баргандар болсо, дыкат териштирип, күнөөлүүлөрдү жазалайбыз", - деди өлкө башчысы.

Пикир

Оставить комментарий