• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Транспорт министрлигине 265 даана атайын техникаларды тапшырды

Президент 0

Бишкек, 17.07.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 265 даана жаңы атайын техникаларды тапшырды. Алар жолдорду курууга, оңдоого жана тазалоого колдонулат.

Мамлекет башчысы салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

"Былтыр Транспорт министрлигине 32 даана жол-куруу техникалары тапшырылган. Быйыл атайын техникаларды алууга эле республикалык бюджеттен 5 миллиард сом каралган, башка долбоорлорго 6 млрд сом", - деди ал.

Садыр Жапаров иш-чаранын жүрүшүндө жолчуларды өз милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана ак ниет иштөөгө чакырды.

Белгилей кетсек, мындан бир ай мурда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 84 даана жаңы атайын техникалар тапшырылган.

Алар: заманбап автосамосвалдар, автогрейдерлер, автомиксерлер, суу ташуучу транспорттор, сүргүчтөр (тягачтар), битум ташуучу техникалар, бульдозерлер, погрузчиктер, экскаваторлор, тралдар, бензовоздор, асфальт төшөө жана башка техникалар.

Пикир

Оставить комментарий