• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-венгер өнүгүү фонду түзүлөт

Президент 0

Бишкек, 26.09.20. /Кабар/. 50 млн евро капиталы менен Кыргыз-венгер өнүгүү фонду түзүлөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациянын «Биринчи радиосуна» берген маегинде маалымдады.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, кыргыз-венгер мамилелери мына азыр жаңы деңгээлге чыгып жатат, өлкөлөрдүн жалпы тарыхый тамырлары бир.

Мамлекет башчысы 28-29-сентябрда Венгрияга боло турган өзүнүн расмий визитинин алкагында пландалган иш-чаралар тууралуу кеңири айтып берди.

Президент эске салгандай, Кыргызстанга 2018-жылы Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан расмий иш сапары менен келген. Ошондо ал Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитине, андан кийин үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышкан. Визиттин жыйынтыгында Венгриянын жогорку окуу жайларында кыргыз студенттеринин квота орундары 25 орундан 75 орунга чейин ошол мезгилде көбөйтүлгөн. Ошондой эле Бишкекте Венгриянын Элчилиги ачылган. Мындан тышкары, 2019-жылы сентябрда Бишкекте соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи жыйыны болуп өттү.

Эми Сооронбай Жээнбеков Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Венгрияга расмий визит менен барууга ниеттенип жатат.

«Венгрияга бул чакыруу боюнча жазында бармакпыз. Бирок, коронавирус пандемиясынан улам жылып кетип, эми сентябрдын этигине туура келди. Менин алдыдагы иш сапарымдын жыйынтыгы жемиштүү болот деп ишенем. Буйруса, кызматташуу тууралуу дагы бир топ документтерге ал жерде кол коебуз. Алардын катарында эң негизгиси — бул стратегиялык кызматташтык жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюлат. Саламаттыкты сактоо, өзгөчө кырдаалды алдын алуу, соода-экономикалык кызматташуу, суу ресурстарын башкаруу жана башка эки тарапка тең кызыкчылык жараткан тармактар боюнча келишимдерге дагы кол коебуз», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий