• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР ТИМ башчысы Индия премьеринин коопсуздук маселелери боюнча кеңешчисинин орун басарын кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 17.07.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өлкөгө болгон жумушчу сапарынын алкагында Индиянын премьер-министринин коопсуздук маселелери боюнча кеңешчисинин орун басары Викрам Мисри менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу 17-июлда Викрам Мисринин Кыргызстан менен Индиянын Коопсуздук кеңештеринин катчылыктарынын ортосундагы коопсуздук маселелери боюнча 2-чи кыргыз-индия стратегиялык консультацияларына катышуу үчүн КРга болгон сапарынын алкагында Бишкекте өткөн.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эл аралык жана аймактык коопсуздук, кыргыз-индия кызматташтыгы маселелерин талкуулап, эл аралык терроризмге, экстремизмге, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка жана баңги аткезчилигине каршы күрөшүүдө эки өлкөнүн тыгыз кызматташуусу зарылдыгын белгилешти.

Эки өлкөнүн коопсуздук жана аскердик-техникалык кызматташуу жаатындагы, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагындагы өнүгүү динамикасына терең канааттануу билдирилди.

Тараптар кыргыз-индия стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоого жана кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты жана эки өлкөнүн ортосундагы активдүү саясий диалог коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө гана эмес, Кыргызстан менен Индияны кызыктырган бардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө да оң таасирин тийгизерин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий