• 88.68
  • 95
  • 0.95

Күзүндө Кыргызстанга бир катар өлкөлөрдүн лидерлери келет

Саясат 0

Бишкек, 17.06.23. /Кабар/. Күзүндө Кыргызстанга бир катар чет элкөлөрдүн лидерлери келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 265 атайын техникаларды тапшыруу учурунда билдирди.

Анын айтымында, октябрда Бишкекте жогорку жана эң жогорку деңгээлде бир нече ири эл аралык иш-чаралар өтөт.

"Анда Кыргызстанга 12 мамлекеттин башчылары келет", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын КМШдагы төрагалыгынын алкагында октябрь айында КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин, КМШга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин жана КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынын өткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий