• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек шаарынын тургуну улуттар аралык кастыкты козутууга шектелүүдө

Коом 0

Бишкек, 17.06.23. /Кабар/. Улуттар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан улуттар, аймактар жана конфессиялар аралык негиздеги сабырсыздык көрүнүштөрүнүн фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында интернет мейкиндигинде жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында "Фуйсбук" социалдык тармагында чагымчыл аккаунт аныкталды, ал өлкөнүн жарандарынын арасында кастыкты козуткан ар кандай тенденциялуу материалдарды системалуу түрдө жарыялап турган.

Бул аккаунт Бишкек шаарынын тургуну “Ч.А.С.” аттуу жаранга тиешелүү экени аныкталды. Ал мурда да бир нече жолу улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасап, алар үчүн сот органдары тарабынан 5 (беш) суткага административдик камакка алынган, бирок көрүлгөн чараларга карабастан, өзүнүн мыйзамсыз иштерин уланткан.

Топтолгон материалдардын негизинде сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жогоруда айтылган “Ч.А.С.”тын мыйзамсыз аракеттерине соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалып, ага ылайык, анын басылмаларында улуттар аралык кастыктын белгилери, ошондой эле жарандардын улуту боюнча төмөндүгүн пропагандалоонун белгилери бар экендиги такталды.

Ушуга байланыштуу үстүбуздөгү жылдын 12-июлунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүн ("Расалык, этностук, улуттук жана диний аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") боюнча кылмыш иши козголуп, 14-июлунда козголгон кылмыштын негизинде "Ч.А.С." кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү зарыл болгон ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий