• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте балдар жана өспүрүмдөр арасында жайкы спартакиада старт алды

Коом 0

Бишкек, 17.07.23. /Кабар/. Бишкекте 13-14 жаштагы балдар жана өспүрүмдөр арасында жайкы спартакиада башталды, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Жайкы спартакиада 13нөн 25-июлга чейин борбор калаанын 4 районунун арасында өтүүдө (райондук деңгээл). 2023-жылдын 20-июлунан 25-июлуна чейин финал спорттун 4 түрү боюнча өткөрүлөт: пионербол, балдар үчүн жеңил атлетика, волейбол жана футбол.

Иш-чара Бишкек шаарынын Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин бекитилген жобосуна жана календарлык планына ылайык өткөрүлүүдө.

Спартакиаданын негизги максаты жайкы каникулда балдардын жана өспүрүмдөрдүн эс алуусун уюштуруу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий